Мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат турнири башталды

Акыл таймашына ар кайсы аймактардан 100дөн ашык адам катышууда. 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер шахмат боюнча өлкө чемпиондугуна ат салышып жатат. Турнирдин расмий ачылышы бүгүн өттү деп билдиришти Социалдык өнүктүрүү министрлигинен.

Иш чараны министрлик жана Шахмат федерациясы уюштурган. Мелдеш 29-ноябрга чейин жүрөт.

Министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева бул саамалык биринчиден, коомдун гумандашуусуна, экинчиден, мүмкүнчүлүгү чектелүүлөрдүн социалдык жактан адаптацияланышына салым кошот деп эсептейт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика