Маркум прокурордун жердештери президентке кайрылды

Киши колдоо болуп өлтүрүлгөн Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун кичи мекени Чоң-Алай районунун аксакалдар коому жана жалпы жашоочулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту.

Демилгечи топтун өкүлү Үпөл Исакова билдиргендей, кайрылууда прокурорду өлтүргөн чыныгы күнөөлүүлөрду таап, адилет иликтөөнү талап кылышкан.

Төмөндө кайрылуунун текстин келтиребиз:

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиз президенттик кызматка киришкенден баштап коррупция кандайдыр бир деңгээлде азайып, парага белчесинен малынган чиновниктерден кутулсак деген элдин изги тилегин жандандырган жакшы сөздөрүңүздү угуп, Сизге болгон ишенимибиз жогорулап, коррупционерлер менен күрөшүүдө алдыда дагы да алгылыктуу иштер жасалат деген үмүтүбүз зор.

Биздин бул кайрылуубузду жазууга да ошол үмүт дем берди. Жакынкы күндөрдө белгисиз кылмышкерлердин колунан каза болгон биздин патриот уулубуз Анарбай Мамажакыпов сыяктуу органда иштеп, абийрин, погонун сыйлаган таза дилдүү кызматкерлерибиз Сиздин идеяңызды колдоп, коррупция менен күрөшүүнү планына коюп айдан ачык иш жүргүзүп башташканы эл ичинде айтылууда.

Анарбай Кубатидинович жогорку юридикалык билим алып, өз кызматына киришкен күндөн Жалал-Абад шаардык, облустук, Ош облустук, Ала-Бука райондук, Талас облустук прокуратураларында прокурор болуп иштеген. Анын адилеттүүлүгүн, чынчылдыгын, Мыйзамга болгон сый урматынын жогорулугун бардык жердеги бирге иштешкен кесиптештери азыр да, буга чейин да айтканына эл күбө. Чындыгында Анарбай Кубатидинович бир сөздүү, чындык үчүн тикесинен тик турган асыл сапаттары бар, зыңкыйган жигит экенин жакындан көрүп-билип жүргөн жердештери, айылдаштары, аны таанып билгендердин баары ичибиз эңшерилип, чоң жоготууга учурап турган учурубуз. Картайган ата-энесинин, али кабыргасы ката элек уул-кыздарынын, балапанынан чогуу чоңойгон уялаштарынын жарык шооласы караңгылап, канаттары кайрылып, жакынынын зар какшаткан аза-кайгысын жон тери менен көтөрүп, кабыргалары кайышып турат.

Биз жалпы Чоң-Алай эли Анарбай Мамажакыповду өлтүргөндөрдү адилет иликтөөнү талап кылабыз. Анын табышмактуу өлүмүнө шектүү болуп учурда бир адам кармалган болсо, калган кылмыш учугу ошол күнү уюштурулган мергенчилик ким тарабынан табылган идея экендигинде жатат. Биз Чоң-Алайдын эли эл-жер, Мекен үчүн ак дилден иштеген Анарбай уулубуздун уюштурулган кылмыштуу топтун колунан өлдү деген ишенимдебиз. Бул уюштурулган мергенчилик атайын Анарбай Мамажакыповду өлтүрүү үчүн жанында жүргөн көрө албасын душмандары тарабынан иштелип чыккан план экендиги көрүнүп эле турбайбы. Баткен облустук прокуратурасынын кызматкерлеринен, тактап айтканда жанында жүргөн кесиптештеринен дыкат иликтөө, тыкыр сурамжылоо аркылуу жана мергенчилик чогуу болгон 6 кызматкер колунда иштеп туруп эмне үчүн жетекчисин үйүнө жеткирип койбогондугу, тескерисинче прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон бирөөнүн машинасына калтырышканы күмөндүү эмес деп эч ким айта албайт. Өздөрү органдын адамдары болуп туруп, мындай шалаакылыкка жол берүүсү жана жалган жалаа жабуу үчүн ишканасында кылмыш иши козголгон жетекчини мергенчиликке чогуу алып чыгышканын бир алдын ала пландалган “кара иш” экенинин далили.

Маркумдун бир туугандары окуя болгон күнү издеп барышканда эки орун басарынын эки түрдүү сүйлөп жатканы, бул кылмышка алардын тиешеси бар экенинин далили. Анан дагы бир күмөндүү көрүнүш ошол прокурорлордун бирөөсүнүн намаз окуган, динди сыйлаган адам дешкени таң калыштуу. Ал динди сыйлаган инсан болсо, бул окуяга “көз жумуп”, көрмөксөн болгону зээниңди кейитет. Деги эле бул чөйрөдө адилеттик деген өмүрү болуп көрбөгөндөй ой калтырат. Анарбайдын колунда иштеген, чогуу мергенчиликке барган, эртеси эч нерсе көрбөгөндөй “таза” кызматкер болуп кубулуп калган 6 кызматкердин бул уюштурулган атайын планга тике тиешеси бар деп эсептейбиз. Андыктан аларды кызмат ордунда калтыруу дагы бир адамдардын өмүрү, коррупциянын оожалышы үчүн түзүлгөн шарт же “койду карышкырга кайтартуу” болбосун деп тынчсызданабыз. Кызматынан бошотулган кезде да убактылуу кармоочу жайга киргизилбей, сурак жүргүзүлбөй эркин жүрүшү бул алардын артынын калыңдыгы же мамлекеттин алсыздыгыбы… Мындай коркунучтуу топ тез арада жоопко тартылып, Мыйзам чегинде жооп берүүсүн талап кылабыз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизди Чоң-Алай элинин үнүн угуп биз койгон талапты тыкыр иликтөө тапшырмасын өзү көзөмөлгө алат деп ишенебиз. Чоң-Алай эли Сизди адилет иштеген, коомдогу ар бир мыйзамсыз иштерди тастыктоого дыкат караган чыныгы президент деп эсептейт. Биздин эл кадырлаган уулдарыбыздын бири прокурордун 1-класстагы кеңешчиси Мамажакыпов Анарбай Кубатидинович адилет иштеп, мамлекет, президент тарабынан берилген тапшырманы так аткаруу үчүн коррупция менен күрөшүүнү башкы милдети деп таанып, акырында коррупционерлердин колунан кыйноо менен өлтүрүлүшү Чоң-Алай эли үчүн орду толгус жоготуу болгону, зар какшаган ата-энесинин ыйы жүрөгү бар адамды кайдыгер калтырбайт деп терең ишенебиз. Биздин Чоң-Алай элинин кайрылуусун кайдыгер карабай, кыска мөөнөттө жооп берет деген ишенебиз.

Кайрылуу катына 2000ден ашуун адамдын колу коюлган.

Ушул жылдын май айынан бери Баткен облусунун прокурору болуп иштеп турган 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда талаадан табылган.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика