“Нива” сууга кулап, эки адам каза болду

25-ноябрда түштөн кийин  “Нива” үлгүсүндөгү унаа Ысык-Көлдөгү Жыргалаң дарыясына түшүп кетти. Окуя Жыргалаң-Каракол жолунун 50 чакырымында жүз берген. 

ӨКМ билдиргендей, кырсыктын кесепетинен эркек киши менен аял каза болду.

Куткаруучулар автоунааны суудан чыгарып, каза болгондордун сөөгүн тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика