Орусияда кыргыздар менен казактар мушташты. Видео

Амурдагы газды кайра иштетүү заводунда кыргыздар менен казактар мушташып кетти. Бир адам реанимацияга түштү.

Мушташтын видеосу 22-ноябрда соцтармакка тараган.

Амур милициясы окуяны тастыктап, 18 жаштагы жигит олутуу жараат алганын кошумчалады.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 22 жаштагы жумушчу кармалды. Чатактын чоо-жайын териштирип жатышат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика