Ошто “Сары кол чатыр” багы ачылат

Аллея кыздарга жана аялдарга карата зомбулукту токтотууга  багытталган. 

“Сары кол чатыр” багы 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы паркта ачылат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Аллея аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотууга коомчулуктун назарын тартуу максатында ишке берилет.

Эл аралык 16 күндүк кампания “Дүйнөнү кызгылт сары кылып, аял-мигранттардын укуктарын коргоо үчүн” деген ураан менен жүрүүдө. Иш чара жыл сайын 26-ноябрдан 10-декабрга чейин өткөрүлүп турат.

Кыргызстанда жыл сайын зордук-зомбулукка кабылган 10 миңдей аял кризистик борборлорго кайрылат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика