Ошто жер силкинди

26-ноябрь күнү таңкы саат 05:18де Ош облусунун аймагында жер силкингенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 4,5 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 баллга, Эркештам, Нура айылдарында 4 баллга жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика