Оштук ишкерди жеген ашынын акысын төлөбөгөн чиновниктер тажатты

Ош шаарында жаңыдан тейлөө кызматына аралашып баштаган жеке ишкер Жасур Парпиев кээ бир мамлекеттик кызматкерлердин ыдыгынан жадагандыгын социалдык баракчасына жазып чыкты.

 

Бул билдирүү социалдык тармактарда талкууга алына баштады.

Ишкер “Калыс Медиага” билдиргендей, мындай көрүнүш биринчи жолу катталган эмес.

“Милициясы, мамлекеттик кызматкери же дагы башкасы деле келип, алып жеген тамагынын акчасын төлөбөй кетип калышат экен. Төлө десең, ошо 30 сом, 40 сом менен эмне болуп кетесиң дешет. Ар күнү андай чоң муштум, үнү жоондорду багышым керек экен же жабып эле ташташым керек экен. Бул жакта аракет кылып жаңы эле операциядан чыккан апам иштеп жүрөт. Алар болсо оңой көрүшөт”, – деди Парпиев.

Жасур Парпиев “Жасур аш борбору” чайханасын ишке киргизгенине аз гана убакыт болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика