Украина аскердик кырдаал киргизүүгө даярданууда

Керч кысыгындагы жаңжалдан улам Украина өзгөчө аскердик кырдаал киргизүүгө даярданууда.

Украинанын президенти Петр Порошенко коргонуу жана коопсуздук улуттук кеңешинин отурумунда өлкө аймагында өзгөчө аскердик кырдаал киргизүү чечимин кабыл алгандыгын жарыялады.

Президент мындай кадамын согуштук абалды курчутуу үчүн эмес, өз өлкөсүн коргоо жана ар кандай окуялардын алдын алуу максатында уюштуруп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

“Эркин Европа” радиосунун орус кызматы билдиргендей, Порошенконун Жогорку Радага кайрылуусун бүгүн депутаттар кезексиз отурумунда карашат.

Ал эми Украинанын коргонуу жана коопсуздук улуттук кеңешинин секретары Александр Турчинов билдиргендей, өзгөчө аскердик абал 60 күнгө чейин созулмакчы.

Учурда Украина деңиз флоту аскердик абалда турат.

Орусиянын чек арачылары Керч кысыгынан чыгып келаткан украин флотунун кемелерине каршы курал колдонушуп,  Орусия үч украин кемесин тең басып алган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика