Улук Өмүрзаков Ош прокуратурасындагы кызматынан алынды

Бул тууралуу “Калыс Медиага” Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Улук Өмүрзаков Ош облустук прокуратурасында иштебейт. Ротацияга ылайык, ал Баткен облустук прокуратурасына которулган.

Улук Өмүрзаковдун өзү менен байланышканыбызда, Оштон жумуштан кеткенин тастыктап, 15-октябрдан бери Баткен облустук прокуратурасында бөлүмдүн прокурору болуп иштей баштаганын айтты. Ал азыркы учурда бир айга эмгек өргүүсүнө чыккан.

  • Улук Өмүрзаков ички иштер министриниин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси, буга чейин Ош облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы болуп иштеп келген.
  • Ал Оштогу “Мухаммед-Умар” спорт клубунун ээси.
  • Соңку жылдары Улук Өмүрзаковдун спорт клубундагы балдарынын жүрүм-турумуна нааразылыктар көп айтылып келет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика