Жүздөй айылга таза суу жеткирүүгө $50 млн насыя алынат

Жакынкы 4-5 жылда Талас менен Баткендин жүздөй айылына таза суу чыгарылат. Бул үчүн ислам өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар насыя алынат. Маселени вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлү Хишам Талеб Маруф менен талкуулады. 

Кыргызстанга алгач 20 млн долларлык насыя берүү тууралуу сөз болгон. Кийин Сауд өнүктүрүү фонду кошумча 30 млн доллар сунуштады. Пайыздык үстөктү 1%дан 0,75%га чейин төмөндөттү. Насыя 30 жылга 10 жылдык жеңилдик мөөнөтү менен берилет.

Жалпы 50 млн АКШ доллары Баткен жана Талас облустарындагы 91  айылды таза суу менен камсыздоого сарпталат. Бул долбоорлор алдыдагы 4-5 жылдын ичинде АРИС аркылуу ишке ашырылмакчы.

Сүрөт: Марат Сайранбаев

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика