Жаштар сегиз балалуу энеге үй салып беришти

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы жаштар сегиз баланын энеси Жумагүл Насыровага 3 бөлмөлүү үй салып беришти. Бул туурасында Ак-Суу районунун башкы имамы Асантур Абдрахманов билдирди.

Кайрымдуулук саамалыгы аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулган. Айыл жаштары 800 миң сом топтошкон.

Үйдү тапшыруу аземине катышкан аксакалдар жаштарга батасын берди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика