Атайын эсеп: дагы 13 млн сомдон ашык каражат которулду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 13 миллион 81 миң 330 сом  которду.

Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, ушуну менен эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы  226 миллион 685 миң 121 сомду түздү.

Азыркы убакта кызмат тарабынан өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган аракеттерди ишке ашыруу боюнча тийиштүү чаралар уланып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн атайын эсеп Каржы министрлигинин алдында ачылган.

Атайын эсепке УКМК, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги өз тармагындагы коррупциялык иштерден өндүргөн каражатты которушат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика