Балким зордуктамак. Жолоочулар таксиде кыйкырган келинге жардам беришти

Аял кишини өз унаасында зордогонго аракет кылышы мүмкүн делген айдоочунун видеосу интернетке тарады. Бул тууралуу Daily Kyrgyzstan баракчасы жазып чыкты. Автор окуя кечээ кечинде болгондугун айтат, бирок кайсы жерде тартылганын көрсөткөн эмес. 

Жолоочулар көчөдө өтүп бара жатып, жол жээгиндеги унаада адамдын кыйкырып жатканын угуп, жардам берүүгө барышкан. Эшик ачылгандан кийин келин качып кеткен, ал эми айдоочу унаасында из жашырган.

Авторлор ИИМди бул окуяны териштирүүгө чакырышкан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул маалымат боюнча териштирүү башталгандыгын, унаа айдоочусун издеп жатышкандыгын билдиришти.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика