Белизгейт: Башкы прокуратура Абдиль Сегизбаевге иш козгоодон баш тартты

Башкы прокуратура УКМКнын мурдагы төрагасы Абдиль Сегизбаевге карата кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбек Шыкмаматов билдирди.

Бүгүн ЖКнын эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети “Белизгейт” маселесин жабык эшик артында караган.

Шыкмаматовдун айтымында, жыйында баш прокурордун орун басары Абдиль Сегизбаевге кылмыш иши ачылбаганын билдирди.

«Ата Мекен» фракциясы сентябрь айында Башкы прокуратурага кайрылып, “Белизгейт” ишиндеги Абдиль Сегизбаевдин жоопкерчилигин кароону суранган.

“Көзөмөл орган иш козгобой турганын эми билип жатабыз. Бул мыйзамсыздыкты көрсөтүп турат. Анткени Абдиль Сегизбаев алты миллион калктын алдында жасалма документтерди колдонуу менен кылмыш жасаган. Бул Кылмыш-жаза кодексинин 35-беренеси”, – деди Шыкмаматов.

Булак: 24.kg

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика