“Элим барсыңбы?!” фонду “Мээримдүү тыйын” акциясын өткөрөт

2-декабрь күнү борбор калаадагы соода комплекстеринин биринде “Мээримдүү тыйын” кайрымдуулук акциясы өтөт.

“Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду билдиргендей, акция ар алты айда өткөрүлүп турат. Анда атайын бөлүштүрүлүп берилген кутучуларга кайрымдуу адамдар тыйын топтошот.

Топтолгон тыйындар фонддун каттоосунда турган жана тез убакыттын ичинде операцияга муктаж балдарга жумшалат.

Фонд акыркы үч жылдан бери «Мээримдүү тыйын» акциясын уюштуруу менен көптөгөн балдардын өмүрүн сактап келет.

Бул акцияны Бириккен улуттар уюму мыкты долбоор деп таап, башка өлкөлөргө сунуштаган.

Өткөн жылы жалпы 232 миң сом чогултулуп, 3 өспүрүм жана 1 кишинин операциясына сарпталган.

Үч жыл аралыгында 20дан ашык өспүрүм балдарга ийгиликтүү операция жасалган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of