Кара-Cууда мушташкан топ балдар кармалды

Кара-Суу районунун Жоош жана Савай айыл аймактарынын 10-11-классынын окуучулары мушташкандыгы боюнча 31 бала кармалып, бирөө ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балдардын ортосундагы мушташ 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү чыккан. Милиция окуя болгон жерге барып, жалпысынан мушташка катышкан 2002-2003-жылы туулган 31 баланы кармаган. Алардын бири, Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын 2003-жылы туулган Н. уулу Н. денесинин ар жери миздүү нерсе менен кесилген өмүрүнө коркунуч келтирбеген жараттар менен Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган, жабырлануучунун абалы жакшы.

Окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика