Кыргыз циркиндеги жемкорлук боюнча эмгек жамаат эл өкүлүнө кайрылды

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети кыргыз циркиндеги абалды карап, андагы орун алган мыйзамсыз иштердин учугун таап чыгышты.

Циркти иликтөөгө буга чейин жамааттын депутат А.Касымалиевага атайын кайрылуу жолдогону себеп болгон.

Арыз ээлери Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын финансылык тартип бузуулар жок деген жыйынтыгына нааразычылыгын билдиришкен.

Цирк имаратындагы бош бөлмөлөрдүн ижарага берилиши, цирк программаларына сатылган билеттердин кирешеси туура эмес эсептелип жаткандыгы тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Талкууда депутат Садык Шер – Нияз Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузуулар бар – жогун тактады.

“2010 – жылдан бери бир жыйынтыкка келе албай жаткан иликтөө иштеринин создуктурулушунда бир мандем бар”,- деп күмөн санады депутат.

Цирктин директору Курмангазы Исанаев билдиргендей, кыргыз цирки республикалык бюджетке 3 млн. сомдон ашык киреше алып келген.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдиргендей, цирк кызматкерлеринин арыздануусу менен 2010-жылдан бери 2 кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо органдары бул убакытта 60 жолу текшерүү жүргүзүшкөн. 2009-жылы цирк менен жеке фирма ортосунда жылуулук системасын оңдоо үчүн 2,4 млн. сомго келишим түзүлгөн. Бул иште шалаакылык боюнча тийиштүү кызматкерлерге кылмыш иши ачылган.

2012-жылы цирктин айланасындагы жер участокторун ижарага берүү боюнча экинчи кылмыш иши козголгон.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика