Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы консулдугуна Искендер Орозбаев көрсөтүлдү

Кыргызстандын Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдугуна Искендер Орозбаев көрсөтүлдү.

Анын талапкерлигин ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн колдоду.

Буга чейин Гуанчжоудо башкы консул болуп Максат Тентимишов иштеп келген. Анын кызмат мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ордуна жаңы жетекчи дайындалып жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика