Минскиде Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүргөн сейил бак ачылды

Беларусиянын борбору Минск шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды.

Анын ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Беларуссиянын өкмөт башчысы Сергей Румас катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев Белоруссиянын борбор калаасындагы чоң сейил бакка кыргыздын чыгаан жазуучусунун аты берилгени сыймык экенин айтып, ыраазычылыгын билдирди. Белоруссиянын өкмөт башчысы Сергей Румас беларусь эли улуу жазуучунун чыгармалары менен тарбия алганын, аны мындан ары дагы даңазалай турганын айтты.

Сейил бакка Айтматовдун 90 жылдыгына карата ысымын ыйгаруу беларусь тараптын демилгеси менен ишке ашкан. Сейил бактын жалпы аянты 19,6 гектар.

Күн мурун кыргыз өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган расмий делегация Минск шаарында өтүүчү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн барган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика