Муфтий Якутиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту

Мекендештер менен жолугушуу Якутиянын борбордук мечитинде болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.  

Максатбек Токтомушев Орусиянын ыраакы чыгыш аймагында эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугушту. Муфтий үй-бүлөлүк, тарбиялык маселелерге токтолуп, экстремизмге каршы күрөшүү, Ханафий мазхабын терең үйрөнүү, Курандын орду боюнча кеңири маалымат берди.

Муну менен катар келгендердин суроолоруна жооп берди.

Муфтий  шариатка байланыштуу кандай суроо жаралбасын дин аалымдарына, муфтиятка кайрылууга үндөдү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика