Мурадил Жумадилде уулу жаңы кызматка дайындалды

ААК«Кыргызалтын» ишканасынын башкаруучулар кеңеши тарабынан директордун орун басары болуп Мурадил Жумадилде уулу шайланды. Ал бул ишканада экономика, финансы жана инвестиция тартуу багытын жетектейт.

Бул кызматка Жумадилде уулун мамлекеттик өнөр жай комитети сунуштаган.

Ал 1985-жылы Чүй облусунун Панфилов районунда туулган.

Бир катар мамлекеттик жана жеке компанияларда эмгектенип келген. Акыркы мезгилдерде ААК «Кыргызтелеком» ишканасынын директорунун орун басары, ага чейин мамлекеттик мүлк башкармалыгын башчысынын орун басары кызматтарын аркалап келген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика