Ош шаардык жаштар комитетине жаңы жетекчи дайындалды

Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар иштери боюнча комитеттин төрагалыгына Иззатбек Берхмаматов дайындалды. Бул тууралуу “Калыс Медиага” мэриянын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров билдирди. 

Иззатбек Берхмаматов буга чейин Ош шаардык кеңешинде башкы адис болуп иштеген. Ал 1988-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Комитеттин төрагасынын милдетин убактылуу буга чейин Жаныш Жусупбеков аткарып келген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика