Улуттук банк: инфляциялык тобокелдикке кооптонуу жок

Улуттук банк эсептик чен өлчөмдү 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим бүгүн, 27-ноябрдан тартып күчүнө кирет. 

Өлкөнүн башкы каржылык мекемесинин маалымат кызматы билдиргендей, инфляция жалпы баа деңгээлинин өткөн үч чейрек катары менен төмөнкү деңгээлде сакталышын тастыктоо менен туруктуу сакталууда. Керектөө баа деңгээлинин жылдык өсүшү ноябрдын 16сына карата 0,2 пайызды түзгөн.

Өлкөдө инфляциянын төмөн чекте сакталышына иморттолуп алынган азык-түлүк товарларынын жетиштүү келгендигинен улам, аталган товарларга баанын төмөндөшү түрткү берген. Азык-түлүктөн башка товарларга баанын өсүш арымы орточо деңгээлде сакталууда.

Жыл акырына чейин да инфляция Улуттук банк буга чейин жарыялаган чекте сакталып, 2,0 пайызга жетиши болжолдонууда.

2018-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча айкын ички дүң өнүм 2,0 пайызга көбөйгөн. Ал эми Кумтөр боюнча маалыматтарды эске албаганда, экономиканын өсүшү 2,6 пайыз чегинде катталган.

Ушул жылдын август айынын орто ченинде валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талаптын сунуштан арткандыгы байкалган. Ушул шартта алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк чет өлкө валюталарын, анын ичинде АКШ долларын накталай сатуу боюнча валюталык интервенцияларды ишке ашырган.

Негизинен ички валюта рыногунда туруктуулук өкүм сүрүп, инфляциялык тобокелдиктердин келип чыгышына эч кандай кооптонуулар жок.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика