Жолдошунан 14 жаш улуу келин: кызыккыдай байлыгым жок

Ушул тапта соцтармакта кызуу талкууга кабылган үйлөнүү тойдун каарманы – келин Канатгүл Байкулова казакстандык сайтка эксклюзивдүү маек курду. Көпчүлүк болжогондой, ал жолдошунан 18 эмес, 14 жашка улуу. 

Канатгүл Байкулова – Казакстандагы Түркистан облусундагы Кентау шаарында 1977-жылы туулган тургуну. Ал шаардагы бала бакчалардын биринде тарбиячы болуп иштейт.

Жолдошу Абдоллахен 17-ноябрь күнү 27 жашын белгиледи. Жубайлардын ортолорунда 18 же 20 жаш эмес, 14 жаш айырма бар.

Жолдошум 1991-жылкы, карапайым үй-бүлөдө чоңойгон, өтө тарбиялуу, билимдүү жигит. Алты ай мурун социалдык желелердин биринен таанышканбыз. Алгач аны менен дос катары сүйлөшүп жүрдүм. Бирок Абдолла мага үйлөнгүсү келип жүргөнүн, бирге түтүн булаталы деген сунушунун айтты”, -дейт ал.

Канатгүл буга чейин расмий турмушка чыкпагандыгын, бирок эгиз балдары бар экенин жашырбайт. 8 жаштагы уулдары жолдошун “ата” дешет. Абдолла да аларга мээрим төгүп, ар дайым өзүнө жакын алып жүрөт.

Абдолла кичинесинен атасыз өскөн. Өзү жетимдиктин даамын таткан үчүнбү, менин балдарыма камкор болуп, кыйынчылыктарды көрсөтпөй чоңойткусу келди. Азыр эми толук кандуу үй-бүлөбүз, мындан өткөн бакыт жок”,- дейт ал.

Келиндин айтымында, алгач ал үйлөнүү той өткөрүүнү каалаган эмес. Жөн гана никеге катталып коюну туура көргөн.

Чындыгында мен той өткөргүм келбеди. Бирок Абдолла “ак көйнөк кийүү – ар бир кыздын кыялы го” деп мени көндүрдү. Экөөбүздүн туугандарыбыз да үй-бүлө курушубузга каршылык көрсөтүшкөн жок. Жолдошумдун ата-энеси куда түшүп келип, бардык салттарды жасап мени алып кетишти”.

Ал “биздин тойду социалдык тармактарда талкуулап, ММКларга жазып убара болбогулачы. Эч бир адам башка түшкөн тагдырын тилеп албайт ”,- деген кайрылуу жасады.

Мен эч кимдин үй-бүлөсүн бузуп, күйөөсүн тартып алган жокмун. Абдолла менин байлыгыма карап баш кошкудай, анчалык деле бай эмесмин. Экөөбүз тең карапайым жашаган, жумушу бар адамдарбыз. Күйөөгө чыкпай эгиз балалуу болгонумду ушак кылгандар көп болду.Тойдогу сүрөттөрдү таратып, коомчулукка жарыялап жаткан адамдардын ким экенин билем. Бизди сынаардан мурда өздөрүнө бир карап алсынчы. Ар адамдын тагдыры ар түрдүү. Ушул убакка чейин мени Абдолладай жакшы көрүп, сыйлап ала турган адам жолуккан жок. Ал түшүнүктүү, камкор жолдош. Эң башкысы, биз өз бактыбыз үчүн жашайбыз”, -деп сөзүн жыйынтыктады Канатгүл Байкулова.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика