Аба ырайы: кар жаап, күн сууйт

30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан билдирүугө ылайык. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

1-2-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт жана жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика