Атабеков балдарына той берди. Коноктор мааракедеги бир өзгөчөлүктү колдоду

Кечээ  белгилүү ырчы Мирбек Атабеков балдарына той берди. Жакшылыкка туугандарын, жакындарын жана шоу-бизнес өкүлдөрүн чакырган. Азырынча Мирбек жана жубайы Мээрим той боюнча соцтармакка сүрөт же пост жаза элек. Бирок тойдогу сүрөт, видеолорду келген коноктор Инстаграмга бөлүшүп жатышат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Той кут болсун @mirbek_atabekov & @meerisha абдан сонун кеч болду, чексиз бакыт каалайбыз!🤝🙏🇰🇬 Foto by @sariev_nurmuhammed 🙌

Публикация от Nurlan Nasip 🇰🇬 (@nurlannasip_kg)

 

Ырчы кош майрамды бирге өткөрдү. Уулу Адамдын 3 жашка толгонун жана бирге чыга элек кызы Ыймандын жээнтек тоюн белгиледи.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

😍😍😍

Публикация от 🔥Новости Шоу Бизнеса (@kg___zvezdy)

Коноктордон бири “Ашыкча чыгымсыз той болду. Конокторго стол сонун даярдалган, бирок дайыма адат болуп калган устукан тартылган жок. Бул жакшы көрүнүш. Муну саясатчылар, белгилүү адамдар да кайталап, карапайым элге үлгү катары көрсөтүшсө болот”, – деп жазган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Бул чыгарманы сагынгандар барбы? @mirbek_atabekov @meerisha Той сонун болду жалан ретро чыгармалар болду 😎🎤💃

Публикация от Nurlan Nasip 🇰🇬 (@nurlannasip_kg)

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Бул ырды коптон бери ырдабай, сагынып калыпмын😄 журоктон чыккан ырлар сиздер учун ❤️😉

Публикация от ARSEN BAKIROV (@arsenofficial)

Кыргызстандагы той-мааракелердеги ашыкча чыгымдар боюнча коомчулукта көп жолу айтылып, бир нече жолу эл өкүлдөрү да көтөрүп чыгышкан. Депутат Акылбек Жамангулов той-мааракелерге 5 жылдык мораторий киргизүүнү сунуштап чыккан.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика