Грипп оорусу күч алды. Дарыгерлер жетишпей атат

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына соңку үч күн аралыгында 800дөй бейтап кайрылып, 300дөн ашууну ооруканага жаткырылган.

Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев билдиргендей, учурда алар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын көпчүлүгүн сасык тумоо оорусу менен жабыркаган жаш балдар түзөт.

Күн мурун социалдык тармактарда ооруканалардын биринде узакка кезек күткөн бейтаптардын нааразы болгон видеосу тараган болчу.

Оорукана жетекчиси Алиев муну моюнга алып, анын себебин ооруканадагы дарыгерлердин жетишсиздиги менен түшүндүргөн.

Кыргызстанда декабрдан февраль айына чейин грипп оорусу курч мүнөздө катталат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика