Ильзат Ахметов Орусиянын эң мыкты жаш футболчусу болушу мүмкүн

Жыл сайын берилүүчү Орусия чемпионатынын (Орусия премьер лигасы) эң мыкты жаш футболчусу сыйлыгына Кыргызстанда жашап кеткен, учурда Орусиянын “ЦСКА” клубунда ойногон Ильзат Ахматов көрсөтүлдү. Бул тууралуу орус маалымат сайттары жазып чыкты.

Ильзат менен кошо дагы үч футболчунун бул сыйлыкка талапкерлиги көрсөтүлгөн: “ЦСКАдан”  Иван Обляков, “Спартак” клубунун дарбазачысы Александр Максименко жана “Ростовдун” жарым коргоочусу Дмитрий Скопинцев.

Жеңүүчү добуш берүү аркылуу аныкталат. Ага Орусия чемпионатындагы клубдардын жетекчилери жана башкы машыктыруучулары, жаштар жана өспүрүмдөр командаларынын машыктыруучулары, Орусия футбол союзунун жетекчилери жана журналистер добуш беришет.

  • Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкекте төрөлгөн. Өспүрүм кезинде “Алга” командасында ойногон. Бирок үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кетип, азыр Орусиянын улуттук курама командасына чакырылган.
  • “Биринчи бештик” сыйлыгы 2002-жылдан тарта берилип келет. Талапкердин жашы 21ден ашпашы жана Орусия жарандыгы болушу шарт.
  • 2017-жылы эң мыкты жаш оюнчу “ЦСКА” командасынын чабуулчусу Фёдор Чалов болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика