Кожобек Рыспаев канча кыргыз кызы кытайга тийгенин териштирүүнү сунуштады

Атайын депутаттык комиссия түзүлүп, ал Кыргызстандын аймагында жүргөн Кытай жарандары боюнча бардык жагдайларды текшерип чыгышы керек. Мындай сунушту бүгүн депутат Кожобек Рыспаев 45 өлкө менен визасыз режимди узартууга байланыштуу маселе каралып жатканда билдирди.

Рыспаев кыргызстандыктар Кытайга кирерде өтө катуу текшерилерин айтып, бирок Кыргызстанда бул жагдайды эч ким мониторинг кылбай жатканын сынга алды.

“Депутаттык ккомиссия түзүп, УКМК менен чогуу карап чыгалы: алтын кенде канча кытай иштеп жатат? “Жундада” жана башка ири компанияларда канчасы жүрөт? Биздин кыргыз кыздарга канча кытай үйлөндү?” – деди Рыспаев.

Виза боюнча мыйзам долбоорун алып чыккан депутат Дастан Бекешов Кытай менен визасыз режим киргизүү маселеси таптакыр көтөрүлбөгөнүн эске салды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика