Кытайга каттаган айдоочулар министр Айдарбековго арызданышты

Айдоочулар акыркы мезгилдерде виза алуу маселеси татаалдашып баратканын айтышууда. 

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайга каттаган чоң жүк ташуучу айдоочулардын тобун – КРнын жарандарын кабыл алды.

Жолугушууда айдоочулар акыркы мезгилдерде Кытай Эл Республикасынын визасын алуу маселеси татаалдашып баратканын айтып, өз ойлору менен бөлүштү.

Министр маселени комплекстүү кароо зарылдыгын белгиледи. Жакынкы аралыкта тийешелүү министрлик менен биргеликте жана айдоочулардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү сунуштады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика