Ош-Бишкек жолундагы кар көчкүсү атып түшүрүлөт

29-ноябрдан баштап Бишкек-Ош унаа жолунун кээ бир чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иштери башталат. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (132-137, 198-265-чакырымдарында) унаа жолунда 29-ноябрдан 5-декабрга чейин кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүрүп жаткан учурларда унаа жолунун мезгил-мезгили менен жабылат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика