Оштун мэри дарыгерлер менен милициянын ишин сындады

Ош шаарынын жашоочулары автотыгын, жол коопсуздугун тейлеген тескөөчүлөрдүн жана дарыгерлердин ишине нааразы. Алар бул маселени мэр менен жолугушууда көтөрүштү. 

Кечээ Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Алымбек Датка” жана “Манас- Ата” аймактык кеңешинин жашоочулары менен жолугушкан. Жыйынга шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышкан.

Жолугушуу учурунда калаа тургундары автотыгындан кыйналышканын айтып, дарыгерлердин иши боюнча маселеле көтөрүштү.

Сарыбашев өмүр сакчыларынын ишин катуу сындап, Гиппократтын антын ичкендерди эл менен мамилесин оңдоого чакырды.

Буга чейинки жолугушууларда да дарыгерлердин ишине нааразычылыктар  көп айтылды. Бир гана медицина эмес, эл менен иштешкен бардык тармактар өздөрүнүн ишин мыкты аткарышы керек. Биринчи акчаны ойлогон жетекчилер бизнеске кетишсин, коррупция кылбагыла. Элге көңүл буруп, тыгыз иштешкиле”,- деди шаар мэри.

Калаа тургундары милициянын аймактык тескөөчүлөрү да эл менен тыгыз иштебей жаткандыгын айтып даттанышты.

Таалайбек Сарыбашов автотыгындарды жоюу боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттер болуп жатканын белгилейт. Алдыда жолдорду ачуу, ички жолдорду кеңейтүү боюнча пландарын да айтты.

Учурда шаардагы мыйзамсыз курулуштардан 27си токтотулуп, алар менен соттошуулар болуп жатат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of