Салыкчылар майып адамдардын кол тамгасын бурмалап, мыйзамсыз патент беришкен

Бишкек шаардык прокуратурасы Салык кызматынын Свердлов райондук башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмы ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, салыкчылар көзү азиз 1-топтогу майып адамдардын кол тамгасын оңдоп, башка жарандын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар алып кирүүсүнө патент жана маалымкат беришкен.

Мыйзамсыз патенттин негизинде 2018-жылдын 1-январынан 28-февралга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 119 млн. 228 миң сомго товар импорттолгон. Анын ичинен 14 млн. сом кошумча нарк салыгы төлөнгөн эмес.

Бишкек шаардык прокуратурасы бул факты боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалма беренелери боюнча кылмыш иши козгоп, тиешелүү органдарга иликтөө жүргүзүү үчүн өткөрүп берген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика