Сузакта сойкуларга мыкаачылык менен кордук көрсөтүлгөн жай аныкталды. ВИДЕО

Жалал-Абаддын Сузак районунда кыздарга тынбай зомбулук көрсөтүлүп турган сойкукана табылды. Мындагылардын айрымдары сутенердун колуна алдоо жолу менен түшүп калганын айтууда.

Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматы билдиргендей, 26-ноябрда милиция аталган жайга тинтүү жүргүзгөн. Алар сойкулук менен алектенген кыздарды жана ээсин аныктаган. Интимдик кызмат көрсөткөндөрдүн бир нечесинин денесинде көгала издер бар.

“Кыздар сойкукананын ээсинин колуна алдоо жолу менен түшкөнүн, аларды жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбастан камап алып, сойкулукка мажбурлаганын айтууда”, – дешти милициядан.

Бул видеодогу келиндин эки баласы бар. Сойкукана ээси аны дайыма жүрөк тушуна соккулап, төрт буттап тургузуп алып кепкир менен сабап жүргөнүн айтууда.

Бул келин болсо сойкукана ээси бычак сайганын айтат.

Окуя боюнча тергөө иштери уланууда. Жабыркагандар менен психологдор иштешип жатат.

Сүрөт, видео: Жалал-Абад ОИИБ

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика