Улуттук банк бул айда үчүнчү интервенция жасады. Доллардын курсу туруктуу дешүүдө

Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери тогузунчу ирет, ал эми ноябрь айы ичи үчүнчү жолу интервенция жасады.

Соңку интервенция күн мурун, 27-ноябрда жасалып, 8 млн. 500 миң АКШ долларын сатыкка чыгарды. Жалпы бул айда валюта рыногуна 47 млн. 850 миң доллар сатылды.

Башкы каржы мекеменин өкүлү Айгүл Мырзабекова ырастагандай, акча базарында доллардын курсу туруктуу саткалуужа, эч кандай кооптонууга негиз жок.

Доллардын курсу үч аптадан бери өзгөрүүсүз бойдон калууда. Акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда долларды сатып алуу 69,7-69,8 сом болсо, бир доллар 69,9 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын курсу боюнча бир доллар ­­­­ 69,85 сом болууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика