Зордуктоо аракетине кабылган кыз таксисттин үстүнөн арыз жазды

Жабырлануучу кыз “Хонда Фит” унаасынын айдоочусунун  үстүнөн зордуктоого аракет кылган деп арызын жазды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Унаада кызды кое бербей кармап турган жаран кечээ күнү кармалган. Ал 1969-жылы туулган Б.Ч. аттуу таксист болгон. Ага карата кылмыш-жаза кодексинин 28 жана 129-беренелери боюнча иш козголуп, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Кечээ күнү интернетке тараган видеодо эркек киши кызды кое бербей, унаанын ичинде кармап турган. Жолоочулар көчөдө өтүп бара жатып, жол жээгиндеги унаада адамдын кыйкырып жатканын угуп, жардам берүүгө барышкан. Эшик ачылгандан кийин келин качып кеткен, ал эми айдоочу унаасында из жашырган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика