Абылгазиев: Жакында өкмөттүн курамын өзгөртөбүз

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бюджет маселесин карап жатып, депутат Жанар Акаев бүгүнкү өкмөт мүчөлөрүнүн эффективдүүлүгү боюнча маселе көтөрдү.

“Жаңы жылдан кийин  өкмөт курамын  өзгөртүү боюнча планыңыз барбы? Ошол эле коргоо министрин кайра түзүү же чакан мобилдүү өкмөт түзүү боюнча, жаңы жылдан кийин өкмөттүн курамы өзгөрөбү, өзгөрбөйбү?”,- деди Акаев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү өкмөттүн ишмердүүлүгүнө баа берип, өзгөртө турган мезгил келгендигин билдирди.

Жаңы жылдан кийин деп, кайсы айдан экенин айтпайм, бирок планда бар. Өзгөртөбүз сөзсүз. Азыркыдай өкмөттүн курамы эфективдүү иштеши кыйын. Менин өзүмдүн көз карашым пайда болду. Кесиптештеримдин да өз көз карашы пайда болду. Сөзсүз түрдө жаңы, эффективдүү структура иштеши керек”, – деди Абылгазиев.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика