Бюджетти карап жаткан депутаттар бир пикирге келе албай ызылдады

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2017-18-жылдардын бюджетинин аткарылышы 2019-жылга алдын ала бюджетин бекитилиши боюнча маселе каралып жатканда депутаттарда талаш жаралды.

Алтынбек Сулайманов 2017-жылды талкуулап отургандан көрө келерки жылдын казынасын жакшылап талкуулоо керек деп сунуштады.

“Качанкыга чейин мурунку жылдарды карап отура беребиз. Андан көрө мурунку жылды добушка коюп туруп эле, 2019-жылды эле карай бербейлиби, 2017-18-жылдын маалыматын жалпы угалы дагы, жалпы өткөзүп кое берели”, – деген сунушун берди.

Мындай сунушту бир катар депутаттар колдоп чыкканы менен, суроо берүүгө жазылган депуттардын тизмеси жана регламентке туура келеби деген суроону Исхак Масалиев суроо көтөрүп чыкты.

“Бюджетти үч жылды бир күндө кабыл алып, биз чоң ката кетирдик. Мен туура эле түшүнүп  турам, депутат сунуш бергенден кийин сунушка коюлушу керек. Биз суроо талап кылган жоопкерчилигинен качып жатабыз”, – деди Масалиев.

Ал эми Алтынбек Сулайманов кайра сөз алып, үч мыйзам чогуу келгенине төрагага нааразычылыгын билдирип чыкты.

“Сиз төрага катары үч жыл боюнча мыйзамды өз-өзүнчө ар күнгө коюшуңуз керек эле.  Эмдиги жылы ким бар, ким жок билбейм. Бирок ушуну эске алышы керек”, – деген оюн айтты.

Ал эми төрага Дастан Жумабеков баарын чогуу караш керек дегенине депутат Кенжебек Бокоев регламентте ар бир мыйзам өзүнчө каралышы керек деп так жазылып турганын айтты.

“Регламентти окуп берип коеюн, Ар бир мыйзам өзүнчө баяндама менен берилет жана өзүнчө талкууга коюлат. Ар бир мыйзам үч окууда каралат. Биз ошондо көз көрүнө эле мыйзам бузуп жатабыз”, – деди Бокоев.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика