Чарчап калган баланын атынан чайкоочулук жасап… Мыйзамсыз паспорт бергендерди ИИМ аныктады

Мамлекеттик каттоо кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы паспорт жана элди каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери чарчап калган баланын атынан чет элдик жаранга паспорт берген деп шектелүүдө.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жасалма документ 1993-жылы туулган Давлатхожа Шавкат уулу аттуу жаранга берилген. Документ алчу адам катышпай туруп, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде берилген. Күбөлүктүн ээси болсо Жалал-Абад облусунда 1993-жылы туулуп, 1995-жылы чарчап калган бала болуп чыккан.

Бул факты ИИМдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен аныкталган. Жалган паспорт берүү боюнча маалыматты маркум баланын ата-энеси жана жергиликтүү бицликтин өкүлдөрү да тастыктаган.

Аталган факты боюнча бир нече берене боюнча кылмыш иши козголуп, Аламүдүн районундагы паспорт жана элди каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси О.У., кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди – деп кошумчалашты ИИМден.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика