Чек арага чектеш аймактарда укуктук тартип бекемделет

Кыргызстан менен Тажикстан кылмыштуулукка, баңгизаттар, экстремизм жана терроризмге каршы биргеликте күрөшөт. Ал үчүн алдын алууга багытталган механизмдерди иштеп чыгууда бирдиктүү иштерди күчөтүү керек. 

 Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чек арага чектеш аймактардагы ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүсүн чыңалтуу керек. Мындай пикир Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстан  өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташууну бекемдөө маселелери каралды.

Акыркы жылдары эл аралык экстремисттик жана террористтик уюмдардын активдүү мүчөлөрү кармалды. Механизмдерди иштеп чыгуу боюнча биргеликте иштешибиз керек”, – дейт Жунушалиев.

Эки өлкөнүн министрлери өнөктөштүк мамиле аймактардагы укуктук тартиптерди чыңалтууга  жол ачаарын белгилешти.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика