Грузияда аял киши биринчи жолу президент болот

Шайлоого катышкан талапкерлер Зурабишвили жана Вашадзе

28-ноябрда Грузияда болгон преизденттик шайлоонун экинчи айлампасында алдын ала жыйынтыктарга ылайык, Саломе Зурабишвили  жеңишке жетти. “Грузин кыялы” партиясы сүрөп чыккан аял добуштардын 58%ын алганы кабарланууда.

Ал эми мурдагы президент Михаил Саакашвилинин оппозициядагы Бириккен улуттук кыймыл партиясынын талапкери Григол Вашадзе добуштардын 42%на ээ болгондугу белгилүү болуп калды.

66 жаштагы Зурабишвили Михаил Саакашвилинин тушунда  тышкы иштер министри болуп турган.

Шайлоонун биринчи айлампасы 28-октябрда өтүп, ага добуш берүүгө укуктуулардын 46,8% келген. Грузияда шайлоочулардын саны 3,5 миллиондун тегерегинде.

28-ноябрдагы добуш берүү Грузиянын жарандары президентти түз шайлаган акыркы саясий өнөнктүк болду. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, мындан кийин президентти өлкөнүн парламенти жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен шайлоочулардын 300 адамдан турган жамааты шайлашы керек.

Азыркы учурда шайланган президенттин бир катар укуктары чектелүү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика