Кыргызстанга сейрек кездешүүчү канаттуулар көп келүүдө. Сүрөттөр

Ыраак жерлерден учуп келген сейрек кездешүүчү канаттуулар Кыргызстанды байырлап жатат.

“Соң-Көл”, “Чатыр-Көл” жана “Ысык-Көл” биосфералык аймактарында коюлган фотокапканга тартылып алынган сүрөттөрдөн улам ушундай жыйынтыкты Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги чыгарган.

Мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, жыл сайын Кыргызстанга 350дөн ашуун сейрек кездешүүчү канаттуу учуп келет.

Кызматкерлер бул “чоочун” жаныбарга аяр мамиле жасап, кыянаттык кылбоо боюнча тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат.

Канаттуулар кыштоо үчүн, ошондой эле мезгилдик миграция учурунда көп келет.

Бул куштар негизинен Африка, Азербайжан, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азия, Түштүк жана Борбордук Американы байырлайт.

Буга чейин Ош облусунун Чоң-Алай районуна коюлган фотокылтактар бул аймакты бардык жапайы жаныбарлар байырлай турганын көрсөткөн.

Сүрөттөр: Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of