Момбеков: бука импотент болсо ким жооп берет? Видео

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков ишке ашырылып жаткан “Коопсуз шаар” долбоору боюнча пикирин билдирди.

Депутат күн мурун ЖКнын күн тартибинде “Коопсуз шаар” долбоору алтынчы болуп коюлганын, бирок ал талкууланбай жыйынды бүтүрүп салышканын айтты. Эл өкүлү маселени өкмөт коомчулуктан корккону үчүн атайылап көз жаздымда калтырды деп сыпаттады.

Биринчи “Коопсуз шаар” долбоору эмнеге ишке ашпай калган, кайсы вице-премьер кимден эмне талап кылганын Зарылбек Рысалиевден сурагыла, айтып берет. Азыр 35 млн сомго киргизип атат, а мурда 85 миллион сомго каршы болушкан. Анда 422 комплекс болчу. Ар биринин баасы 200 млн эле. Азыр 110 комплексти 35 млн долларга берип атасыздар. Бир комплекстин баасы 300 млн болуп атат. Эмне үчүн 6 жылда 100 миң долларга кымбаттап кетти? Мына коррупция ушерде жатат. Кечээ талкуулагысы келген жок, булар коопсуздукутан эмес, коомчулуктан коркуп жатышат“,-деди Момбеков.

  • 12-ноябрда “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашыруу боюнча “Вега” ишканасы менен келишимге кол коюлган. Келишим баасы – 1 млрд 195 млн сом.
  • Буга чейин Мамлекеттик сатып алуу департаменти түзгөн комиссия “Веганын” тендерден утуп чыгышын мыйзамсыз болгон деп билдирген. Бирок сот “Вега” концернинин тендерден утушу объективдүү деп тапты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика