Мурдагы аялынын үйүндө бычак менен кыргын салган кишиге өкүм чыкты

окуядагы сүрөт

Мурунку аялынын ата-энесине бычак сайып, алардын коңшусун өлтүрүп койгон Б.М.М.ге карата  өкүм чыкты. Жалал-Абад облустук соту аны өмүр бою эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялады.

Окуя ушул жылдын 21-февралында болгон. Мурда соттолгон  Б.М.М. мурунку аялынын үйүнө түн ичинде мас абалында келген. Эшигин кайненеси ачканда, аны өзү ала келген бычак менен бир нече жолу сайып жиберген. Аялдын бакырып жатканын угуп чыга калган кайнатасына да бычак сайганга жетишип калган.

Жаңжал арасында жардам сурап сыртка бараткан кайненесинин артынан кууп чыгат. Жолдо турган эки коңшусу жардамга келгенде, күйөө бала алардын бирине  бир нече жолу бычак сайып жиберген. Ал алган жараатынан улам жан берген.

Муну менен тим болбой Б.М.М. кайра үйгө кирип, мурдагы аялын ур-тепкиге алып, анан из жашырган эле.

Милиция бир адамды өлтүрүп, бир нечесине зыян келтирген адамды тез эле тапкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика