Ош: Ленин көчөсүнөн башталган жол автобекетке бир тараптуу түз барат

2019-жылга карай Оштогу Ленин көчөсү жаңы автобекетке чейин оңдолуп, бир тараптуу түз автобекетке баруучу жол болоору пландалууда.

Бул тууралуу шаар мэри Таалайбек Сарыбашов  жашоочулар менен жолугушуп жатып билдирди.

Жолдорду ачуу жана кеңейтүү иштери жол тыгындарын азайтуу максатында ишке ашырылууда.

Сарыбашов көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы гараждар алынып, автоунаа токтотулуучу жайларды куруу иштери башталаарын, электр энергиясынан көйгөй жаралган көчөлөрдү жеринен тиешелүүлөр текшере тургандыгын убада кылды.

Шаардагы Ташкент көчөсү тургундардын кайрылуусунан кийин жаңы жылга чейин жарыктандырыла турганын кошумчалады.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика