Ош шаарында жол астынан өтмөктөрдү куруу пландалууда

Иллюстративдик сүрөт

Бул тууралуу калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов кечээ күнү калаанын “Ак-Буура” жана “Курманжан-Датка” аймыктык кеңешинин тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Автоунаа тыгыны боюнча маселени чечүү жолдорун караштырып атабыз. 2019-жылы шаарда 2-3 жер астынан өтмөк куруу планы бар. Тийиштүү долбоорду даярдоо тапшырмасы берилди”,-деди шаар башчысы.

Буга чейин да Ош шаарындагы автоунаа тыгыны көп катталчу көчөлөрдүн кесилишине жер үстүнөн өтмөк куруу аракети болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика