Түркмөнстандын дүкөндөрүндө ун сатууга жаңы чектөөлөр киргизилди

Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө калкка сатылчу ундун ченеми азайды. Мындан ары ал мурдагыдай киши башына эмес, үй-бүлөгө карата эсептелет. 

Дашогуз облусунда үй-бүлөдөгү киши санына карата 8-12 килодон гана ун сатылууда. Лебап менен Мары облусунда да абал ушундай, бирок ченем 10 килограммдан ашпайт. Буга чейин киши башына 4-5 килограммдан ун сатылып келген.

Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун бир килограммы 2 манат (Түркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча $1 – 3.5 манат) турат. Жеке дүкөндөрдө Казакстан жана Орусиядан келген ун сатылат жана баасы он эсе жогору.

Түркмөнстан калкы ун жана нан тартыштыгына 2017-жылы декабрда дуушар болгон. Ошондон бери абал оор. Ун аз болгондуктан, эл кезекке туруп, талашып-тартышкан учурлар арбын кездешүүдө. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын билдиришинче, айрым учурда дүкөн кызматкерлери кардарлардан паспорт көрсөтүүнү талап кылат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика