Уялчаак депутаттан рецепт: эл ЖКны сындаганда эмне кылуу керек?

 Рыскелди Момбеков менен Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү боюнча эл арасында айтылып жаткан сөздөргө жооп беришти.

Момбеков бюджетке байланыштуу мыйзам долбоорлорун кароо тартибин чечише албай жатканда буларга токтолду:

Азыр эми күчкө салып, бизди шаштырып атасыңар. Регламент деп жатпайсыңарбы, бизди регламент алты жолу авария болгон машинеден эч айырмасы жок. Анан айтып жатпайсыңарбы эл бизди эмне деп жатат деп. Эл бизди эмне деп жатканын уктуңар да, акыркы бир жуманын ичинде Азимбек Бекназаров айтты: “Базаркомдор, булар мыйзам жазганды билбейт”, – деди. Мадумаров:“чөнтөкчөндөрдүн биржасы” ,- деди. Кылычбек Султан “Принциби жок ылдый баштар отурат”, – деди, ушуну уккуңар келди беле!? Угасыңар, далайын угасыңар. Азыр оолуга бересиңер,  бул жерде дүжүр депутаттар түштөн кийин чыгат, буйдалап сүрүп өткөрүп жиберет. Өкмөттөн алкыш алабыз, карапайым элден каргыш алабыз”, – деди Момбеков.

Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев эл ар нерсени айта бергенине көңүл бурбаш керек деген оюн билдирди.

Эми ызылдаган менен пайда жок. Анан тигил тигинтип айтты эле, Бульдозор мындай айтты, Комбайн мындай чапты, Грейдер мындай сүрдү дегенде болбойт. Айта берет, сөз көп, аны көңүлгө албаш керек. Көңүлүңөргө алсаңар, жүрөгүңөр ооруйт да ага”, – деди Жолдошбаев.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2017-18-жылдардын бюджетинин аткарылышы 2019-жылга алдын ала бюджетин бекитилиши боюнча маселе каралып жатканда депутаттарда талаш жаралды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика