Жалал-Абадда кооптуу аймактагылардын 10%ы гана конуш которду

Мамлекет тарабынан жер тилкесин жана ссудаларды алган жарандарды көчүрүү жумуштары жетишээрлик денгээлде аткарылбай жатат. 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчмө жыйынында айтылды.

Жалал-Абад облусунда көчүрүлүүгө тийиш 2027 кожолуктун 1821и дагы эле кооптуу аймакта жашап жатат.

Конушун таштап көчпөй отургандардын эң көбү Сузак районунда. Бүгүнкү күндө ал жерде миңге жакын үй-бүлө жашап жатат.

Министр Нурболот Мирзахмедов өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча көйгөйлөрдү ортого салууну сунуштады.

Жыйынга ӨКМ министри  Нурболот Мирзахмедов жана аймактык жетекчилер катышышты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика