Жаштар чамдагыла! Жанар Акаев прогрессивдүү долбоорлорду издейт

Жакынкы күндөрү депутат Жанар Акаевдин демилгеси менен парламентте “Жаштар платформасы” өтөт. Иш чаранын алкагында жаштардын эң прогрессивдүү, негиздүү жана чечүү жолдору бар долбоорлору тандалып алынып, өкмөткө сунушталат.

Депутат түзгөн “Демилге” жаштар бирикмеси реалдуу долбоорду кабыл алууну баштады. Билдирмелер 2-декабрга чейин atagulov.50@gmail.com дареги аркылуу кабыл алынат.

Ал эми иш чаранын өзүнө катышууну каалагандардын баарына эшик ачык. Маалыматты “Демилгенин” өкүлү Артурбек Атакуловдон “Фейсбук” аркылуу сурасаңыз болот. Байланыш номуру: 0554505488.

Жанар Акаевдин “Демилге” кыймылы буга чейин Орусияда жана Баткенде жаштар үчүн дем берүүчү, спорттук, маданий иш чараларды өткөргөн.

Депутат бул кыймыл саясий максатты көздөбөй турганын айтып келет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика